Компания жөнүндө
Биз адамдар менен жана адамдар үчүн иштейбиз.
Жөнөкөйлүк, ыңгайлуулук жана коопсуздукту бириктиребиз!
Компания жөнүндө
Биздин компания «Quickpay» бренди менен таанымал. Компания 2010-жылы негизделген. 15 жыл ичинде биз өлкө боюнча эң кеңири терминалдык тармакка ээ болдук жана төлөм кабыл алуу жаатындагы лидерге айландык.
«Квикпэй системасы» ЖЧК – Кыргыз Республикасындагы алдыңкы төлөм системасынын оператору. Улуттук банк тарабынан маанилүү төлөм системасы катары таанылган. Биз жарандарга жана уюмдарга төлөм кызматтарын сунуштайбыз.
Бүгүнкү күндө Quickpay активдүү өнүгүп, накталай жана накталай эмес түрдө бардык төлөм кызматтарын көрсөтөт.
Биз Кыргызстанда жана андан тышкары товарлар менен кызматтар үчүн дароо төлөөгө шарт түзөбүз.
Quickpay — Кыргызстандык 100% жергиликтүү компания, ал өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө активдүү салым кошот.
15+
15+ жылдан бери Кыргызстанда
2010-жылы негизделген компания Кыргызстанда төлөм чечимдеринин алгачкы пионерлеринин бири болуп саналат
500+
500+ корпоративдик өнөктөш
Ири жана чакан бизнес, онлайн платформаларды камтыган кеңири B2B кардар базасы
1000+
1 000+ кызмат Finik жеке кабинетинде жеткиликтүү
Мамлекеттик жана коммуналдык кызматтардан баштап уюлдук операторлорго жана банк кызматтарына чейин ар кандай кызматтарга төлөм жүргүзө аласыз
1M+
Айына 1 000 000+ транзакция
Биздин төлөм системабыз ай сайын 1 миллиондон ашык транзакцияны иштетет